en ru
Работаем дистанционно для клиентов без обязательного прихода в офис!

Коммуникация только через
WhatsApp и Telegram.
en ru
Каталог

Кыргызстанда жоопкерчилиги чектелген коому кантип каттоого болот

Кутман күн. Байланышта International Legal Bridge юридикалык компаниясы,  бүгүн биз сиздер менен Кыргызстандагы бизнести каттоо жана салык төлөө өзгөчөлүктөрү жөнүндө сүйлөшөбүз.

Эң алгач Кыргызстандын экономикасы чындап эле жигердүү өнүгүп жаткандыгы тууралуу айта кетейин, Кыргызстандын өкмөтү бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, башка өлкөлөрдөн бизнесмендерди тартууга кызыкдар, бул аракеттердин бардыгын бизнес жүргүзүүдөгү формалдуулукту, бюрократияны азайтууга багытталган мыйзамдарды кабыл алып жаткандыгын көрсөтүп турат.  Бирок, баардык нерсе салыштырганда жакшы билинет демекчи, эл аралык юрист катары  Кыргызстанда өкмөт да, парламент да иш баштоо үчүн гана эмес, аны алып баруу үчүн формалдуулуктарды, юридикалык создуктуруучу жагдайларды азайтууга салым кошуп жатат деп ишенимдүү айта алам.  Мисалы, 20 жыл мурун,  фирманы каттоо азыркыга караганда кыйла оор жана татаал болгону эсимде.  Кандай болбосун, бардык документтерди туура толтуруу керек, ошондой эле документтердин бир бөлүгүн биз кыргыз тилинде кабыл алып жатабыз, андыктан сиз кайсы документ эмнени билдирери тууралуу түшүнүгүңүз болушу керек. Анда эмесе, биз компанияларды каттоо тууралуу сөзүбүздү баштайбыз.  Кыргызстанда бизнес ачуунун кандай уюштуруучулук-укуктук формалары бар?

Жергиликтүү жана чет өлкөлүк кардарлар эң көп издеген эки негизги нерседен баштайын:

Жеке ишкер. Алар Кыргызстандын жарандары, ошондой эле Кыргызстандын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган чет өлкөлүктөр болушу мүмкүн. Жеке ишкер катары иштөө үчүн мамлекеттик каттоодон өтүү же патент алуу керек. Кыргызстандын салык кызматынын сайтынан жеке ишкерлер үчүн жеткиликтүү болгон бардык иш-аракеттердин тизмесин таба алабыз.

Бизнестин экинчи кеңири тараган формасы – бул жоопкерчилиги чектелген коому.  Кыргызстандын жарандары да, чет өлкөлүктөр да бул субъекттердин кожоюндары боло алышат. ЖЧКнын минималдуу уставдык капиталы болгону бир сомдон башталарын белгилегим келет. Кардарлар тарабынан юристтерге алар боюнча дагы буйрутма түшүп турат, бирок сейрек учурларда гана.

Чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдору же филиалдары Кыргызстандын аймагында Россиядагыдай эле юридикалык жактар катары таанылбай жаткандыгы тууралуу кыстара кетейин, бирок аларга дагы төмөндөгүлөр уруксат берилген:

Кыргызстандын жарандарын да, чет өлкөлүк персоналды да жумушка жалдоо;

банктарда эсептерди ачуу жана өз акча каражаттары менен чектөөсүз пайдалануу;

кыймылсыз мүлк сатып алуу же ижарага алуу;

келишимдерди түзүү жана ар кандай контрагенттер менен иш боюнча карым-катнаш жүргүзүү.

Бирок ошону менен бирге, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдорунун лицензия алуу мүмкүнчүлүгү чектелген. Ишмердүүлүктөрдүн айрым түрлөрү алар үчүн жеткиликтүү эмес.

Анда эмесе, юридикалык жактарды Каттоого кайталы да бир аз кененирээк токтололу.

Юридикалык жактарды каттоо процесси бир нече сааттан үч иш күнгө чейин созулат. Ошондуктан, мамлекеттик алымдын өлчөмү да ар түрдүү болот.

Бирок, документтерди тапшыруудан мурун, компанияңыздын аталышынын уникалдуулугун текшерүү керек. Мен Кыргызстандагы бардык аталыштар уникалдуу, аларды чаташтыруу мүмкүн эместиги чоң плюс деп эсептейм.

Бишкектеги Горький жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан юстиция министрлигине  документтердин төмөндөгү тизмесин тапшырууңуз  керек:

арыз, туура толтурулган болушу керек, арыз туура толтурулбаса кабыл алынбай калат жана мамлекеттик алым кайтарылбайт;

кабыл алынбай калбаш үчүн юстиция министрлигинин адиси көңүл бура турган маанилүү учурларды камтыган, юридикалык жакты түзүү жөнүндө туура түзүлгөн негиздөөчүлөрдүн чечими;

болочок компаниянын катышуучуларынын баардыгынын паспортторунун көчүрмөлөрү.

Документтерди компаниянын жетекчиси, анын негиздөөчүлөрүнүн бири же ишенимдүү адам тапшыра алат.  Юридикалык жак расмий каттоодон өткөндөн кийин, сиз каттоо күбөлүгүн колуңузга аласыз. Муну менен иштин баары бүтпөйт, салык инспекциясына жана соцфондко каттоого тургузуу үчүн документтерди тапшыруу керек. Мыйзам боюнча, бул 5 иш күн. Иш жүзүндө 3 күнгө чейин болушу мүмкүн. Ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдары боюнча бир гана мөөр болуусу шарт.  Алынган документтердин топтому менен биз банкка алыш-бериш эсебин ачуу үчүн барабыз. Аны менен бирге мамлекеттик органдардан алынган бардык документтердин көчүрмөлөрүн жана уставдын көчүрмөсүн даярдашыбыз керек. Негиздөөчүлөрдүн бардык макулдашуулары жана каалоолору көрсөтүлгондүгүн, текшерип, Уставга өзгөчө көңүл буруу керек. Ошондой эле, биз эсеп боюнча акчаны тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгасын карточкасын жасаганды эсибизден чыгарбайлы. Бул нотариуста жасалат. Карта банктан алынат.

Бизде жеке ишкерди каттоо бир аз жөнөкөй.

Чет өлкөлүк жарандар Жеке Ишкер (ЖИ) катары каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү убактылуу каттоого турган жериндеги салык инспекциясынан гана ала алышат. Ал эми Кыргызстандын жарандыгы бар адамдар  ишмердүүлүк жүргүзгөн жеринде да каттоодон өткөрсө болот.

Күбөлүктү алуу үчүн, сиз туура толтурулган арызды жана паспорттун көчүрмөсүн гана беришиңиз керек (эгер сиз башка адамга документ тапшырсаңыз, анда нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат дагы көрсөтүлүшү зарыл).

Каттоо үч иш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Жыйынтыгында сиздин колуңузга төмөндөгүлөр тиет:

каттоо күбөлүгү;

мөөр алууга жана банкта алыш бериш эсебин ачууга уруксат берген маалымкаттар.

Андан кийин биз катуу көзөмөлдөгү отчеттук бланктарын алып, аларга каттоо жүргүзүлгөн салык инспекциясынын штампын коёбуз.

Андан кийин биз бардык каттоо документтеринин көчүрмөлөрүн тапшыруу менен Социалдык фондко каттоого турабыз. Процесс үч иш күндү талап кылат, каттоого алынгандыгыңыз тууралуу билдирүүнү сиз колуңузга да, почта аркылуу да ала аласыз.

Статистика комитетинде каттоого туруу тез ишке ашат- бардыгы кайрылган күнү 15 мүнөт ичинде бүтөт. Бул жерде сизге жеке куратор дайындалат, ага сиз мындан ары отчетторду тапшырып турасыз.

Айрым ишмердүүлүктөрдүн түрлөрүнө патент алуу үчүн салык органына кайрылуу керек. Бул учурда, мезгил – мезгили менен отчет берүү зарыл эмес, - патенттин мөөнөтүн узартуу гана керек болот. Патенттик негиздеги ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн мөөрдүн жана статистика комитетинде каттоодон өтүүнүн зарылчылыгы жок. Патенттин баасы жана жарактуулук мөөнөтү ар кандай болушу мүмкүн, бул каттоонун географиялык аймагына жана сиз тандаган ишмердүүлүктүн түрүнө жараша болот. Айтмакчы, ким билбесе, мен Кыргызстанда Эркин Экономикалык Зоналар бар экендигин сыймыктануу менен айтам: "Каракол" ЭЭЗ, "Лейлек" , "Маймак", "Нарын" жана "Бишкек" ЭЭЗ. Эң чоңу-Бишкек ЭЭЗ.

Кыргыз Республикасынын аймагындагы эркин экономикалык зоналардын кайсынысында болбосун каттоонун тартиби эркин экономикалык зона жетекчилиги тарабынан белгиленген жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ишке ашат. Эркин экономикалык зонаге катталуу жана бизнес жүргүзүү сизге кандай артыкчылыктарды берет:

Тышкы экономикалык же финансылык-чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүүдө ар кандай жеңилдиктерди.

Бажыдан өтүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин.

Аймакта жайгашкан бардык инфраструктуралык объекттерин тоскоолдуксуз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн.

Бул жерде көптөгөн чет элдиктер бизнес ачып жаткандыгынын эң кызыктуу себептерине кыскача токтолоюн – бул башка өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн салыктар.

Кыргызстанда салык төлөө системасы-аймактагы эң пайдалуу, жеке жактар үчүн да, юридикалык жактар үчүн да ставкалар коңшу өлкөлөргө караганда кыйла төмөн. Жалпысынан салыктардын сегиз түрү бар:

Кошумча нарк салыгы;

киреше;

жер;

акциздик;

сатуудан түшкөн салык;

мүлк салыгы;

 пайдага;

жер казынасын пайдаланууга.

Салыктар бизден төмөндөгүлөргө алынат:

жалпы же жөнөкөйлөтүлгөн система боюнча:

патенттик негизде;

контрактык негиздеги салык (мындай учурда пайданын пайызынан эмес, алдын ала белгиленген сумма төлөнүүгө тийиш).

Жеке адамдар төмөнкү салыктарды төлөшү керек:

Киреше салыгы он пайызды түзөт жана айлык акы төлөнгөндө ай сайын төлөнүшү керек.

Жер салыгы жергиликтүү салык органына жылына бир жолу төлөнөт, төлөмдүн өлчөмү ар бир учур үчүн жэкээ түрдө эсептелинет.

Мүлк салыгы мүлктүн наркына жана категориясына жараша болот. Катталган жери боюнча салык органына жыл сайын киргизилет.

Бардык юридикалык жактар үчүн төмөнкү салыктар каралган:

Пайда салыгы- он пайыз. Лизинг компаниялары үчүн сумманын жарымынан азы, ал эми айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөр толугу менен бошотулган. Толук сумма жылына бир жолу салынышы керек, бирок алдын-ала көрсөткүчтөр квартал сайын эсептелет. Чакан бизнес субъекттери киреше салыгын кварталына бир жолу төлөшөт.

Сатуудан алынуучу салык - бир пайыздан беш пайызга чейин. Юридикалык жактын категориясына жараша ай сайын же квартал сайын киргизилет.

  Кошумча нарк салыгы- он эки пайыз ай сайын төлөнөт.

Акциздик жыйым айына бир жолу төлөнөт, анын суммасы сатылып жаткан товарлардын түрүнө жараша болот.

Жер казынасын пайдалануу үчүн салыктар ай сайын төлөнүшү керек. Ченеми ар бир учурда жэкээ түрдө белгиленет.

Жер салыгы жылына бир жолу төлөнөт, анын өлчөмү аймактын тибине жана аянтына жараша болот.

Мүлк салыгы мүлк объектисинин категориясына жараша болот.

Эркин экономикалык зоналарда өз ишин жүргүзгөн компаниялар салыктардан, жыйымдардан жана алымдардан жарым-жартылай бошотулган. Субъекттин администрациясынын пайдасына жылдык төлөм, менин эстешимче, жалпы кирешенин 0,2 (ноль эки) пайызынан ашпайт. Импортко же экспортко бажы алымдары да алынбайт жана эркин экономикалык зонанын аймагында өндүрүлгөн бардык продукциялар квоталардан жана лицензиялоодон бошотулат, бирок эгерде ал экспорт үчүн чыгарылган болсо гана.

Демек, Урматтуу угуучулар, мен бул ролик пайдалуу болду деген үмүттөмүн, сиз компанияны Кыргызстанда, тактап айтканда Бишкекте кантип каттоого болот деген түшүнүккө ээ болдуңуз, анткени биздин юридикалык компания international legal bridge дал ушул шаарда жайгашкан. Сиз Кыргызстандын салык системасы тууралуу түшүнүк алдыңыз, эми эң жеңил жагы калды-бизге вацапка же телеграммга чалыңыз же жазыңыз, биз  Бишкекте сиздин компанияңызды баштан аяк  каттап беребиз. Биздин кеңсеге келүүнүн деле кажети жок, сиз бизге каттоого ишеним катты гана берип жиберсеңиз болот, биз сизге ыңгайлуу болгон жерге алып келген документтерге кол коесуз жана биз компанияны каттоо боюнча иштерди өзүбүз бүтүрүп, документтерди сизге ыңгайлуу болгон жерге жеткирип беребиз. Эгер суроолоруңуз болсо, аларды ушул роликтин астына же жеке билдирүүлөргө жазыңыз. Сизди International Legal Bridge компаниясынын кардары катары күтөбүз.

Вацап + 996 508 211 131

Читайте другие статьи по темам:

Регистрация компании (ООО) и ИП в Кыргызстане

Регистрация товарных знаков в Кыргызпатенте

Регистрация представительства и филиала в Кыргызстане

Бухгалтерские услуги в Бишкеке, Кыргызстан

Работа зарубежом для кыргызстанцев

Курсы по бухгалтерии в Бишкеке

Работа в Европе для кыргызстанцев

Обратный звонок
Запрос успешно отправлен!
Имя *
Телефон *